
Воронцовка айыл аймагынын Октябрьская, Школьная, Больничная көчөлөрүндө суу жок.
Таш-Дөбө айылы жана жаңы конушта жашаган айыл тургундары, кезектеги зар-муңун айтып көчөгө чыгышты.
Айтымдарында, суусаган элдин үнүн угаар бийлик тараптан адам жок! Сууга мол мекенинде сууга жетпеген карапайым айыл тургундарын ким угат? Бир нече күндөн бери бийликке кайрылуу жасап айласы куруган айылдыктар, журналисттеге кайрылууга мажбур болушууда.
Алты жылдан бери төрт миңге жакын тургун таза сууга зар болуп келишүүдө. Воронцовка айыл аймагында жалпы жонунан он бир скважина болсо, азыркы убакта анын үч скважинасынан такыр суу чыкпайт.
Воронцовка айылынын тең жарымынын көбү суу сатып алууга мажбур. Скважинаналардын көбү оңдоп-түзөөгө такыр эле жарабай калган, демек жаңы казуу азыркы талап.
Кыргызстан суунун мекени болуп туруп кичинекей айылды сууга зар кылганыбыз өтө кейиштүү абал. Бийлик тараптан жооп күткөн айылга жооп берет деген үмүт менен айыл тургундары күтүшүүдө.
