
Таластык милициянын катары толукталды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас облустук ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясынан 5 бүтүрүүчүлөрү келишти.
Алар Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас РИИБне тергөө кызматына, милициянын участкалык уполномоченныйы жана балдар менен иштөө инспекцияларына кызматка дайындалышты. Аларга бүгүн Талас ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис орун басары жана кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп КРнын ИИМдин Академиясынын дипломун тапшырышты.
Асанов Марлис: милициянын жумушу жеңил эмес, теория менен практиканы иш жүзүнө ашыруу көптөгөн ак эмгекти, өжөрлүктү талап кылат. Силерди жыйынтыктуу иш аракеттерди жана ийгиликтерди жаратат деп ишенебиз-деди. Жаңы дайындалган кызматкерлер жетекчилик тарабынан насааттарды жана тапшырмаларды алышып, толук кандуу иш алып баруу үчүн бекитилген бөлүмдөргө кызмат өтөөгө киришишти.