
Ош облустук сотунун 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде "Женго" каймана аттуу Кадырбек Досонов акталды.
Облустук соттон билдиришкендей, Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу") менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.
Өкүмгө нааразы тарапка Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттануу укугу түшүндүрүлдү.