Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саат 8:00дөн тарта кызды издөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Учурда издөө иштерин улантууга жалпы 30 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД