
Ысык-Көлдө "Ак-Мөөр Fest" этно фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш -чаранын жүрүшүнө Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
Фестиваль 22-23-24-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылындагы "Эдельвейс" эс алуу борборунда өтүп, анда республикалык деңгээлде кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээки жашоо образдары чагылдырылды.