
No 42 жатак абагында кир самын чыгарылып жатат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 6 айында Ош шаарындагы No42 жатак абагындагы атайын цехте 9 миң кг кир самын даярдалган.
Өндүрүлгөн продукция КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын ар кандай мекемелеринин керектөөлөрүнө арналган.