Кара-Бууурада жапайы өскөн кара куурай жок кылынууда

Кара-Бууурада жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБдин кызматкерлери Талас ОИИБдин БЗМЖКК кызматкерлери менен бирдикте баңги заттарга каршы иштерди алып барышууда. Тактап айтканда, Чымгент айыл өкмөтүнө караштуу "Шалтак" участогунун арык жээктеринде, жол жээктеринде жана талаада жапайы өскөн кара куурайлар чогултулду.

Айыл өкмөттүн, жер адисинин жана жергиликтүү тургундардын катышууусунда 2 гектар жер текшерилип, орок чалгы шаймандары менен чогултулуп, өртөө жолу менен 2 тоннага жакын кара куурай жок кылынды.

Кара-Буура районунун башка дагы аймактарында милиция кызматкерлери тарабынан талаалар текшерилип, аныкталган кара куурай өсүмдүктөрү жок кылынып, жергиликтүү тургундарга дагы аларды жоготуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД