Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов кызматынан бошотулду

Шерипов Нурлан Турганбекович айыл чарба министринин орун басарлыгынан бошотулду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, чечим 14-июлда "КР министрлер кабинети жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" КР мыйзамынын 36-беренесине ылайык кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД