Бишкекте фонтандар саат 22:00гө чейин иштейт

Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында турган фонтандар саат 22:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын балансында 16 фонтан бар, алар төмөнкү даректерде жайгашкан:

1. Ала-Тоо фонтаны, каптал табактары;

2. Ала-Тоо фонтаны, борбордук чөйчөк;

3. Тарых музейи, борбордук идиштер;

4. Тарых музейи, каптал чөйчөктөр;

5. Өкмөт аянтындагы фонтан;

6. 25 чөйчөк, Эмен паркы;

7. Токтогул атындагы фонтан, Абдрахманов-Пушкин;

8. Революция күрөшчүлөрүнүн фонтаны, Пушкин-Тыныстанов;

9. Күн балыктары, Абдрахманов-Токтогул;

10. Алтын балык, Москва/Совет көчөлөрү;

11. Филармония, борбордук чөйчөк;

12. Филармония, түндүк чөйчөктөр;

13. Жаштар аллеясы, Улуттук университеттин бет маңдайы;

14. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;

15. Аска-Таш, Фучика-ЧЧК;

16. Ата-Түрк, Ахунбаев көчөсү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД