
Апта ичинде, 18-24 июлда, Кыргызстанда COVID-19дун 981 учуру аныкталган. Бул тууралуу КР ССМнын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
910 адам - амбулатордук дарыланууда, ооруканада жаткандар- 71.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 202 685 учуру катталган, 100 миң калкка оорунун 3061,5 учуру туура келет.
2022-жылдын 6 ай 24 күнүндө COVID-19дун бардыгы болуп 17 937 учуру катталган, 15 943 (88,8%) учур лабораториялык жана 1994ү (11,2%) клиникалык-эпидемиологиялык түрдө (белгилерин жана ооруга чалдыккандар менен байланышын эске алганда) аныкталган.