Ысык-Көл облусунда 5 күндө 45 мас айдоочу аныкталды

Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүргөн Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери тарабынан 45 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, туристтик сезон ачылгандан бери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынан кошумча күч иретинде кайгуул кызматкерлери тартылып, алар Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан тартып, Чолпон-Ата шаарына чейинки аралыкта кызмат өтөп келишет. Мына ошол Ысык-Көлдөгү кайгуул кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 18-июнунан тартып, 23-июлуна чейин жалпысынан 790 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен :

-Мас абалында авто унаа башкаруу-45 айдоочу;

-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу боюнча -5 айдоочу;

-Айдоочулук күбөлүктөрү жок -18 айдоочу;

-Кызматкерлердин талаптарына баш ийбеген-1 айдоочу;

-Коопсуздук курун тагынбаган, ылдамдыкты ашырып айдаган, туура эмес жерге токтоткон өңдүү жана башка жол эрежелерин бузуулар -721.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 48 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Эскерте кетсек Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы туристтик сезон бүткөнчө Ыссык-Көл облусунда кызмат өтөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД