Эки абактын кызматкерлери сармерденде таймашышты

Сармерден улуттук оюндун эстафетасын No19 мекеменин кызматкерлеринен No3 мекемедеги кесиптештери алып кетишти. ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул жакшы салтты КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын башчысы, и/к полковниги Нурдин Бердикожоев киргизе баштады.

Кол алдындагылар жана атайын мекемелердин администрациялары менен бирге улан-кыздар чыгармачылык менен таймашкан байыркы элдик оюнду жандандырып, Сармерденди уюштуруп, өткөрүп жатышат. Бул ырларда, бийлерде жана ырым-жырымдарда чыныгы мурас жана жандуу тарых камтылган.

19- мекемеде ийгиликтүү башталгандан кийин иш-чара Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы №3 мекемеде өттү. Мекеменин бала бакчасынын актовый залында көптөгөн коноктор келип, сыйлуу калыстар тобунун мүчөлөрү отуруп, эки команданын катышуучуларынын өнөрүнө баа беришти.

Сахнадан элдик ырлар жаңырып, накыл сөздөр айтылып, жаш таланттар бий бийлеп, музыкалык аспаптарда ойноп, табышмак катышып, кыз узатуу, үйлөнүү каада-салттары көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында абройлуу калыстар тобунун чечими менен Төлөбек Кылычбеков жетектеген жигиттер командасы жеңүүчү деп табылды. Анткен менен Диана Кадыржанова менен Мээрим Убайдылдаева жетектеген кыз-келиндердин курама командасынын сулуулары да мыкты оюн көрсөтүп, келгендердин баарын кубандырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД