
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвада (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүрөт.
Сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров "Сбербанк России" ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары "Сбербанк России" ачык акционердик коому башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.