
Жогорку сот Next TV телеканалынын социалдык тармактарга тараткан маалыматын экстремисттик деп тапкан Биринчи май райондук соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды.
"Азаттык" жазып чыккандай, бүгүн өткөн соттун жыйынында ошону менен Башкы прокуратуранын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Мурда көзөмөл орган телеканалдын көрсөтүүлөрүн таптакыр токтотуу өтүнүчүн да келтирген, бирок сот аны четке каккан. Ошондон кийин мурда жабылган телеканал көрсөтүүлөрүн кайра калыбына келтирген.
Быйыл 3-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан камакка алынган. Ал Кылмыш кодексинин 330- "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" - беренесинин негизинде козголгон иштин алкагында кармалган.
Прокуратура Next TVнын өзүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаевдин билдирүүсүнө таянып туура эмес маалымат тараткан деген версияны карманууда.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерди маалымат таратууда этият болуп, эрежелерди сактоого чакырган.
Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, медиа уюмдар Next TV телеканалы жана анын директоруна байланыштуу иштерди сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалап келишет.