"Кадастрдын" жетекчисинин кармалышына байланыштуу комиссия түзүлдү

Айыл чарба министрлиги "Кадастр" ишканасынын жетекчисинин кармалышына байланыштуу жумушчу комиссия түздү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жумушчу комиссия "Кадастрдын" директору Э.К.Сулайманбековдун "жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тартиптик жоруктары жөнүндө билдирүүлөрдүн" негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүү максатында Айыл чарба министрлиги тарабынан түзүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жетекчисин кармаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД