Кадимки чечекке каршы эмдөө маймыл чечегинен сактайбы? Жооп

Кадимки чечекке каршы эмдөө маймыл чечегинен сактайбы? Бул суроого COVID-19га каршы Республикалык штабдан жооп даярдашкан.

Эмдөө сактайт, анткени бул бир түрдөгү вирустар.

Антителолорго тест тапшырууга болбойт: алар зарыл болбогондуктан чоң масштабда иштелип чыккан эмес.

Маймыл чечегинен сактануу үчүн кадимки чечек оорусуна каршы вакцинаны алууга болобу?

Учурда эмдөөдөн өтүү мүмкүн эмес, анткени чечек оорусуна каршы вакцинаны чыгарбай калышкан. Маймыл чечегине каршы вакцина жок.

Зарыл болгон учурда чечекке каршы вакцинанын штаммынын (у й чечеги вирусунун вариациялары) негизинде чечекке каршы вакцинаны өндүрүүнү кайра баштоо технологиялык жактан кыйынчылык жаратпайт.

Кандайдыр бир алдын алуу чаралары, карантин зарылбы?

Алдын алуу чаралары маселеси өлкөдө вирустун жайылуу тобокелдигинен көз каранды. Мисалы, чек араларда оору күчөгөндө жана вирустун жугуштуулугу артканда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД