Сокулукта унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, эки спринтер күйүп кетти

Чүйдүн Сокулук районунун Эркин-Тоо конушунда жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаа оңдоочу жайдын 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү эки унаа толук күйүп кеткен.

Жерине бир бөлүм тартылып, саат 20:39да өрт толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД