Чүйдөгү жатак абакта 4 тоннага жакын арпа жыйналды

No 45 жатак абагында 4 тоннага жакын арпа жыйналды. Эми сабиз бышат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан No45 мекеменин администрациясы айыл чарба иштерин ийгиликтүү жүргүзүп келет.

Мисалы, 3 гектар аянттагы №8 колониядан өткөрүлүп берилген чарбалык участокто өндүрүштүк план боюнча 4 тонналык жаздык арпанын түшүмү жыйналды.

Кошумчалай кетсек, аталган мекеменин башчысы, и/к майору Т.Каныметовдун айтымында, ижарага алынган 2 гектар жерге ашкана сабизи өстүрүлгөн. Азыртадан эле отоо чөптөрдөн арылтышып, эки ирет сугарышкан..


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД