Жазаларды аткаруу кызматы бош кызмат орундарга кызматкерлерди кабыл алат

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы кызматкерлерди ишке кабыл алууну жарыялайт!

Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкендей, дарыгерлер жана IT адистери талап кылынат:

Талапкерлерге коюлган талаптар:

жогорку билим (медициналык);

аялдарды кошпогондо, аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);

жашы 35 жашка чейин;

орус жана кыргыз тилдерин билүү.

Контролер

Талапкерлерге коюлган талаптар:

орто, орто атайын же жогорку билим;

аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);

жашы 30 жашка чейин;

Бою 165 см кем эмес.

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн шарттары:

эмгек стажынын жеңилдетилген эсеби боюнча пенсияга чыгуу (1 күнгө 1,5 күн);

контролёрлордун эмгек акысы стажына жараша 20 000 сомдон жана андан жогору;

улук инспекторлордун - врачтардын эмгек акысы стажына жараша 25000 сомдон жана андан жогору;

дайындалган учурдан тартып атайын наамды ыйгаруу;

жазык-аткаруу тутумунун кызматкерине берилүүчү башка социалдык кепилдиктер.

Бардык каалоочулар резюмесин ukorg215@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсө болот же Бишкек ш., Ибраимов кечесү, 106, КР ЖАКнын Борбордук аппараты.

Телефондор: 0312 43-82-10, 0553-81-03-02, 594361 жана 453315, 0 990 666 582


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД