
ИИМдин атайын техникалары күндүн ысык аптабында бак-дарактарга жана көчөлөрүнө суу чачууда. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын техникалары күндүн ысык аптабында борбор калаабыздын бак-дарактарына жана көчөлөрүнө суу чачып, Бишкек шаарынын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу маанай тартулоодо. Милиция кызматкерлери тарабынан колго алынган бул ишти жарандар жылуу кабыл алууда.
