Бишкектеги үйлөрдүн биринен төрт тонна таштанды чыкты

Бишкектин жашоочусунун үйүнөн таштанды чыгаруучу бригада 4 тонна таштанды чыгарган.

"Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштанды Байтик-Баатыр №13/Б көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн чыгарылган.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн кожойкеси көп жылдан бери таштандыларды чогултуп келген. Коңшулары жагымсыз жыттанып жаткандыгын айтып администрацияга кайрылышкан.

Жерине барган бригада үйдүн короосунан 4 тонна үй-тиричилик таштандыларын чыгарган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД