Конгантиевдин уулу бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Конгантиев Автандил Молдомусаевич дайындалды.

Бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн Конгантиевди жалпы жамаатына тааныштырган.

Белгилей кетсек, Автандил Конгантиев мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД