
Августтун башында Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында COVID-19га каршы Pfizer компаниясынын 100 620 дозасын алып келүү күтүлүүдө. Бул тууралуу КР ССМнын Иммундук алдын алуу республикалык борбору билдирди.
Pfizer-BioNTech компаниясынын өндүрүшүндөгү вакцина мРНК вакцина болуп саналат. Ал атайын көрсөтмөлөрдү (мРНК молекулалары) камтыйт, алар аркылуу дененин клеткалары белокту өндүрүүгө үйрөтүлөт. РНК молекулалары ДНК жайгашкан клетканын ядросуна кирбейт.
Pfizer вакцинасы негизинен европа өлкөлөрүнө чыккандарга арналган.
КР Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөө менен камсыздоо иштерин 2020-жылдан бери аткарып келет. Өлкөлүк милдеттерди расмий түрдө аткарган биздин өлкө COVAX механизмине кирген.
Жаңы жеткирүүлөрдү баалоодо Кыргызстан көптөгөн факторлорду, анын ичинде өлкөдө буга чейин бар вакциналардын артыкчылыктарын эске алган. Ошондой эле, жеткирүү учурунда, COVAX тарабынан эскертилгенден кийин, жөнөтүү убактысы эске алынат, бул болжол менен 3-4 жуманы талап кылат, анткени Кыргызстандан тышкары башка көптөгөн өлкөлөр дагы бул механизмдин мүчөлөрү.