Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июлдан 7-августка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт:

Саат 4:00дөн 6:00гө чейин,

Саат 08:00дөн 10:00гө чейин,

Саат 12:00дөн 14:00гө чейин чектөө киргизилет.

Калган убакттарда каттам толугу менен ачык болот.

"Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД