Нарындагы тергөө изоляторунун көрүнүшү жаңырды

Нарындагы тергөө изоляторунун көрүнүшү жаңырды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №24 мекемесинин администрациясы тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлдү.

СИЗОнун тосмосунун сырткы көрүнүшү кызматкерлердин өз күчү менен жаңыртылып, мекеменин ичиндеги жашыл аянтчалар торчо менен тосулуп, жалпысынан атайын мекеменин аймагы жашылдандырылды.

Бул үчүн колдонулган материалдар жарандык демөөрчү тарабынан каржыланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД