Кыргызстанда "40 райондон – 40 демилге" долбоору ишке ашырыла баштайт

"40 райондон – 40 демилге" долбоору боюнча Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.

Белгилесек, "40 райондон – 40 демилге" инновациялык демилгелерди тандоо долбоору министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.

"40 райондон – 40 демилге" долбоору өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.

"40 райондон – 40 демилге" долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.

"40 райондон – 40 демилге" долбоорунун алкагында иштелип чыккан 8 жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда.

Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражатын республикалык бюджеттен бөлүү чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД