"Кыргызкөмүр" августтан баштап көмүр ташып баштайт

Кыргызстандыктар көмүрдү азыртан баштап сатып алып, кышка даярдык көрүшү керек. Бул туралуу "Кыргызкөмүр" МИнын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, учурда Кара-Кече көмүр кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турат. Августтун башынан баштап жеке көмүр ташыган айдоочулар Кыргызстандын түндүк регионуна көмүр ташып башташат. Ал калкка, Бишкек шаардык ЖЭБна берилет. Мекендештерибиз көмүрдү өлкөнүн түндүгүндөгү кампалардан сатып алса болот.

Эске сала кетсек, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт. (Аталган баа монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган.

Учурда Кырызкөмүрдүн кызматкерлери кыргыз элин көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш аракеттерди жүргүзүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД