"Жалал-Абад" аэропорту оңдоо иштерине жабылбай турган болду

"Жалал-Абад" аэропорту оңдоо иштерине жабылбайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Жүргүнчүлөрдүн көптөгөн суроо-сунуштарын эске алуу менен "Манас" эл аралык аэропорту" ААК "Жалал-Абад" аэропорту быйыл жабылбай, ишин улантары тууралуу чечим кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аба майдандын аэродромунун элементтерин (учуу-конуу тилке, рулеждук жолчо, перрон) оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды.

Регулярдык каттамдар мурдагы эле график боюнча аткарыла бермекчи (жумасына 6 жолу).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД