
Кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-июлунда болжол менен саат 04:00 чамасында "102" кызматына Интергелпо көчөсүндө уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылгын дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2005-жылы туулган А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээсине карата күч колдонуп, "Редми" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алышкан.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Т.К., 2007-жылы туулган А.А., жана 2007-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өкөрүп беришкен.