Бишкекте милиция башаламан соода кылгандарга карата рейд өткөрдү

Кайгуул кызматы тарабынан башаламан соода-сатык кылгандарга карата рейд өткөрүлүп, 144 000сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жол жээктерде өз алдынча күйүүчү майларды мыйзамсыз саткан, жол жээгинде дарбыз коон өңдүү азык түүлүктөрдү жана бал муздактарды, суусундуктарды саткан ордунан жылуучу дөңгөлөктүү дүкөндөр эки күндүк рейддин алкагында текшерилип, 48 мыйзамсыз соода кылгандар аныкталды.

Бул 48 башаламан соода кылган жарандарга карата кайгуул кызматкерлери тарабынан ар бирине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 179-берененин 1-бөлүмүнө (Жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу ) ылайык тийиштүү протоколдор толтурулуп, ар бирине 3000 сомдон айып салынды. Жалпы суммасы 144 000 сом.

Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да уланат


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД