Эшигин ачып айдаган маршруттук унаанын айдоочусуна 7500 сом айып салынды

Эшигин ачып айдап бара жаткан 107-маршруттук унаанын айдоочусуна 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда 107-маршруттук унаа каттам учурунда эшигин ачып айдоо менен ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу абал туудурган видео тараган.

Бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, авто ээнбаштык болуп эсептелгендиктен, айдоочуга карата 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Тактоо учурунда айдоочу күн ысык болуп жаткандыктан маршруттук унаанын эшигин ачып алып айдагандыгын айтып түшүндүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД