Ысык-Көлдүн кээ бир айылдарын сел каптады

Кечээ, 29-июлда, нөшөрлөгөн жаандан улам болжол менен саат 21:30 чамасында, Каракол капчыгайынын эки тилкесинде сел таш-шагыл аралаш жүрүп эки көпүрөнү жаап калган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле кечээ Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен, сел жүрүп турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган, жерге айыл өкмөтү тарабынан 3 техника тартылып, суунун нугун жаап беришти.

Ал жактарда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД