Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу жабылды

Кемин районунда саат 11:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жабып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД