
Жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда кичи автобустун эшиктерин жаппай айдаган дагы бир айдоочу аныкталып, 7500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-кичи автобустун дагы бир айдоочусу жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда эки эшигин тең жаппай каттамда айдап жүргөндүгү үчүн, кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.