"Дөө Чыңгыз" Чыңгыз Жумагулов өлтүрүлдү

Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги №21 мекемедеги (СИЗО-1) камералардын биринен "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов өлтүрүлдү.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, бүгүн Бишкектеги №21 мекемедеги (СИЗО-1) камералардын биринен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жеке кастык мамиленин негизинде камералашы тарабынан өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү Чыңгыз Жумагуловду өлтүргөнүн моюнуна алган.

Кылмышка шектүү кокусунан экөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам өлтүргөнүн айтып көрсөтмө берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД