Боом капчыгайында жол тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө

Боом капчыгайында көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө. ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 30-июль күнү Чуй облусунун Кемин районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун Боом капчыгайы аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү эбегейсиз көп экендигин билдиришүүдө.

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД