
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 30-июль күнү Чуй облусунун Кемин районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Учурда жол бир тараптуу ачылды.
Көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.