
Бишкекте 5-6-августта Казакстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Кино күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрында өткөрүлүп, анын алкагында кино сүйүүчүлөрдүн назарына Болат Калымбетовдун "Мукагали" жана Айжан Касымбектин "От" аттуу тасмалары коюлат. "Мукагали" тасмасын 5-августта саат 18:00дө, "От" тасмасын 6-августта саат 17:00дө көрүүгө болот.
Тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрынын кичи залында көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.