Эки жума мурда көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

Эки жума мурда көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кечээ, 31-июлда кызды издөө иштерине жалпы 39 куткаруучу тартылып, издөө саат 21:30да токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн1-август күнү издөө уланытлат.

Белгилей кетсек, 18-июлда саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД