
ИИМдин кызматкерлери "Ош базарындагы" мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүүгө жардам беришүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун ѳздүк курамы 2022-жылдын 25-июль күнүнѳн тарта Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле, Ленин районунун администрациясынын соода бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте "Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү максатында иш алып барышууда.
Кызматкерлерге ар бир күнү мыйзамдуулукту бекем сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүлүүдѳ.
