
Маймыл чечегинен Европадагы алгачкы адам өлүмү катталды.
29-июль жума күнү, Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги маймыл чечеги илдетине чалдыккан бейтаптын өлүмү тууралуу билдирди.
Бул оорунун учурдагы күчөшүндөгү Европадагы алгачкы жана Африкадан тышкары экинчи учур болуп саналат.
Азыркы убакта Испания маймыл чечегинин ырасталган учурларынын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп турат.