Боомдо сел агызып кеткен Toyota Sienna унаасы изделип жатат

30-июлда Чүй облусунун Кемин районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 135-чакырымында Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны сел суулары Чу дарыясына агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда жерине 5 куткаруучу тартылып, унаа изделип жатат.

Жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД