Боомдо кайрадан көчкү түшүп, жол жабылды

Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 154,155-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калган. Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника каражаттары тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең кызуу жүрүүдө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун Боом капчыгайы аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө. Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери көчкүнү тазалап, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалап жетишпей жатышкандыгын жана түшкөн көчкүнүн көлөмү эбегейсиз көп экендигин билдиришүүдө.

ЖКККББнын кызматкерлери, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүнө түшүнүү менен мамиле кылып, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД