Жаңы-Жердеги маданият үйүнүн артисттери жоокерлерге концерт тартуулашууда

Өзгөчө "Кербен концерти" Жаңы-Жер айыл аймагына да жетип, аскер кызматкерлерине шоу тартуулашты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 12-ротасынын ардагери Узакбай Исмаилов жана ККДнын 4-батальонунун командиринин орун басары майор Фархад Алыбаевдин демилгеси менен Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын маданият үйүнүн артисттери "Кербен концертинин" алкагында департаменттин аймагында чоң концерттик программасын тартулашты.

12-ротанын командири, улук лейтенант Төлөгөн Токтокожоев иш-чаранын алып баруучучу болду.

Артисттердин оюн-зооктору жоокерлердин шаңдуу бийлери менен коштолуп, Ата Мекенге, ата-энелерге арналган обондуу чыгармалар аткарылды.

Андан соң "Кербен концерт" 10-ротанын жоокерлеринин коштоосунда Бишкекке жөнөп кетти.

Шоунун уюштуруучулары алдыда дагы ушундай концерттик программалар көп-көп болот деп ишендиришет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД