Милиционерлер Ара-Белде унаасы тыгылып калган туристтерге жардам беришти

Франциядан келген туристтер Ара-Белде автоунаасы менен тыгылып калышкан. Аларга милиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ара-Бел сырт өрөөнүндө кайгуул кызматын жүргүзүп жатып, жолдон чыгып, сууга тыгылып калган жол тандабас автоунааны көрүшкөн. Автоунаада Франциядан келген жубайлар Абдулла менен Фатима болгон.

Туристтердин айтымында, алар жол тандабас автоунаа менен Ысык-Көл облусунда саякаттап жүрүшкөн. Бул сапар, алар Ара-Бел сырт өрөөнүн көргөнү келишкен. Алар суу аркылуу тоого жакыныраак барууга аракет кылышканда, автоунаасы тыгылып калган. Бул жерде дээрлик 6 саат туруп, тоңуп башташкан. Ошол учурда милициянын патрулдук автоунаасын көргөндө жардамга чакыра башташкан.

Милиция кызматкерлери туристтерге жардам беришип, аларды жолдун коопсуз бөлүгүнө чейин узатып коюшкан. Туристтерге ак жол каалап, милиция кызматкерлери бийик тоолуу аймактарда кайгуул иштерин улантышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД