Россиядагы мигранттардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга келди

Россиянын Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарында, Пермь аймагында, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын 100 баласы Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборунда эс алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз диаспорасы тарабынан эс алууга окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдар тандалды.

"Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, КР Жогорку Кеңешинин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД