Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы 10-августка чейин токтотулду

Бишкек-Балыкчы багытын ишке ашырган темир жол каттамы убактылуу жабык болот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

"Жакында "Боом" капчыгайында катталган табигат кырсыгы боюнча, учурда аталган жерде оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Бишкек-2-Балыкчы республика ичиндеги каттамды 30-июлдан 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргыз темир жолу" каттам кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат бериле турганын белгилейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД