Соттолгондор арасында Манделанын элесине арналган сынак өткөрүлдү (фото)

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгон жарандар Нельсон Манделанын жаркын элесине арнап сүрөт тартышып, ыр жазып, жада калса модалуу клатчтарды тигишти. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Борбордук аппаратында Кыргызстандын дээрлик бардык мекемелеринен соттолгондордун чыгармачылык иштерине сынактык тандоо өткөрүлдү.

Гуманитардык иш-чара Нельсон Манделанын эл аралык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. Бул маанилүү дата белгилүү түштүк африкалык эркиндик үчүн күрөшүүчү жана Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгынын лауреатынын урматына 2010-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген. Ошондон бери ал бүткүл дүйнөдө, анын ичинде биздин республикада да кеңири белгиленип келет.

Калыстар тобунун сынына соттолгондор өздөрүнүн сүрөттөрүн, ырларын, ошондой эле ар кандай кол өнөрчүлүк буюмдарын: оюнчуктарды, жоолуктарды, токулган байпактарды, шарфтарды, клатчтарды ж.б.у.с. тартуулашты.

Жыйынтыгында ышкыбоздор арасында биринчи орунду К.Р.Т. №1 мекемеден жана О.А.С. жана Н.А. №3 мекемеден ээлешти.

Поэтикалык чыгармалардын ичинен комиссия Р.М. №1 Э.К, 2-орун Ч.М. №16 мекемеден, үчүнчү орунду А.И. №19 мекемеден тандашты.

Ошондой эле Чүй районунун Степное айылындагы №2 аялдар абагынан эң таланттуулары аныкталды.

Бардык катышуучулар жакында ЖАКнын атынан чыгармачылык сынакта жеңишке жетишкендиги үчүн сыйлык алышмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД