COVID-19 курсактагы түйүлдүк үчүн коркунучтуубу?

COVID-19 курсактагы түйүлдүк үчүн коркунучтуубу?

Болочок энелер тынчсызданбай эле коюшса болот: коронавирустун жаңы түрүндө вертикалдык жугузуу механизмдери табылган эмес. Кош бойлуу аял ооруп калса, түйүлдүктү эле эмес, плацентаны дагы жабыркатпайт. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н. Ф. Филатов атындагы Москва шаардык 15-ооруканада изилдөө жүргүзүлүп, коронавируска чалдыкпаган 1646 эне жана төрөт учурунда COVID-19 аныкталган 891 эне статистикага киргизилген. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин академик В.И.Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык илимий борборунун оперативдүү гинекология бөлүмүнүн башчысы Лейла Адамян мындай дейт: "Биз 2000ден ашык оорунун баянын талдап чыктык, алардын ичинен бир гана учур вертикалдуу жугузууга шектелген. Биринчи изилдөө күмөндүү болгон: төрөт учурунда булгануу болушу толук мүмкүн (оору жуктуруучу бактериялардын бейтаптын организмине кокусунан кириши). Бул ымыркайдан эч кандай кошумча далил табылган жок".

Ооруканада ымыркайлардан төрөлгөндөн кийин 3-чү жана 10-күнү дароо ПЧР-тест алынган. Алардын биринде дагы коронавирус инфекциясы аныкталган эмес. Ал гана эмес эгерде төрөт алдында эне коронавирус инфекциясынын оор же орточо түрү менен ооруган болсо, балдардын дени сак төрөлгөн. COVID-19дун түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасирин тийгизүүсүнүн эч кандай далили жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД