Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөөгө жергиликтүү бийлик да тартылды

2 жума мурун Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды издөө иштерине Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрү да тартылууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөт кызматкерлери жергиликтүү тургундар, куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издөө иштерин улантууда. Алар көл жээктерин карап, көл астындагы торлорду алып чыгып кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырууда.

Ошондой эле Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов 200 литр күйүүчү май бөлүп берген.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: Сабыр - 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.

Эске сала кетсек, 18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган төрт жаштагы М.А. көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтык болбой келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД